Баткен шаары 6 жаңы автобус алды

Баткен шаарына 6 автобус келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Автобусттар  Айыл банкы тарабынан бир даанасы 3 млн 70 миң сомго лизингге алынып келинген. Автобусттарды сатып алууну муниципиалдык башкармалык өткөн жылы пландаган. Автобусттарды тапшыруу иш чарасы  бүгүн саат 15:00дө  Баткен шаарынын борбордук аянтында болот.